# 18-берене. Прокуратура органдарындагы коллегиялар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 18-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-18

---

1. Прокуратура органдарындагы коллегия - Башкы прокуратурада, аскердик прокуратурада, областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларында түзүлүүчү кеңеш берүүчү орган.

2. Коллегиянын курамына тийиштүү прокуратуранын прокурору (төрага), анын орун басарлары (кызмат орду боюнча) жана башка прокурорлор кирет.

3. Башкы прокуратуранын коллегиясынын курамын Башкы прокурор бекитет.

4. Баш ийген прокуратуралардын коллегияларынын курамын тийиштүү прокурорлордун сунуштары боюнча Башкы прокурор бекитет.

5. Коллегия мыйзамдуулуктун абалы, Башкы прокурордун буйруктары менен тескемелеринин аткарылышы, кадрларды тандоо, жайгаштыруу жөнүндө маселелерди карайт, прокурорлордун, түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилеринин отчетторун жана прокуратура органдарынын уюштурулушунун жана иштөөсүнүн башка маселелерин угат.

6. Коллегиянын чечими анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алынат.

7. Коллегиялардын чечимдери тийиштүү прокурордун буйруктары жана башка укуктук актылары менен ишке ашырылат.

8. Коллегиялардын иштөө тартиби Башкы прокурор, тийиштүү прокурорлор бекиткен регламент менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-19)
