# 100-берене. Адистешкен прокуратуралардын түзүмү жана уюштурулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-100>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-100.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 100-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-100

---

1. Адистешкен прокуратуралар прокуратура органдарынын бирдиктүү системасына кирет, аларды адистешкен прокуратуралардын прокурорлору жетектейт. Адистешкен прокуратуралардын прокурорлору Башкы прокурорго баш иет.

2. Адистешкен прокуратуралар экстерриториялык принцип боюнча Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында иш алып барат.

3. Адистешкен прокуратуралардын түзүмү, ишинин багыттары жана адистештирилген прокуратуралардын прокурордук кызматкерлеринин ыйгарым укуктары Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.

4. Адистешкен прокуратуралардын прокурорлорун кызмат ордуна Башкы прокурор дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.

5. Адистешкен прокуратуранын прокурорунун орун басарлары болот.

6. Адистешкен прокуратуранын прокурору:

1) адистешкен прокуратурага жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча ишти уюштурат;

2) адистешкен прокуратуранын ишин жетектейт; адистешкен прокуратура органынын кызматкерлерин Башкы прокурор аныктаган тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;

3) ага баш ийген кызматкерлердин аткаруусуна милдеттүү буйруктарды, тескемелерди чыгарат;

4) Башкы прокуратура менен макулдашуу боюнча санынын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде адистештирилген прокуратуранын штаттык ырааттамасына өзгөртүү киргизет;

5) мыйзамдарда жана Башкы прокурордун укуктук актыларында каралган учурларда жана тартипте башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [99-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-99)  
Кийинки берене: [101-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-101)
