# 10-берене. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын системасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 10-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-10

---

1. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын системасын төмөндөгүлөр түзөт:

1) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (мындан ары - Башкы прокуратура);

2) Кыргыз Республикасынын аскер прокуратурасы (мындан ары - аскер прокуратурасы);

3) областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратуралары;

4) райондук (шаардык) жана аларга теңдештирилген адистештирилген прокуратуралар, гарнизондордун аскердик прокуратуралары.

2. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын алдында прокуратура органдарынын бирдиктүү системасына кире турган мекемелер түзүлүшү мүмкүн.

3. Башкы прокуратура өзүнүн оперативдүү башкаруусунда социалдык-тиричиликтик жана чарбалык арналыштагы объекттерге ээ болот.

4. Республикалык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу боюнча чечилүүчү учурларды кошпогондо, прокуратура органдарын жана мекемелерин түзүү, кайра уюштуруу, жоюу, алардын статусун жана компетенциясын аныктоо мыйзамдарда белгиленген тартипте, Башкы прокурордун чечими боюнча жүзөгө ашырылат.

5. Прокуратура органдары өзүнүн символдоруна - желегине жана эмблемасына ээ. Алардын сыпатталышы жана расмий пайдалануу тартиби Башкы прокурор тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-11)
