# 4-берене. Жаңгак плантацияларын өстүрүү жаатындагы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин негизги багыттары

- Документ: [Кыргыз Республикасында жаңгак плантацияларын өстүрүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112107)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 1-августундагы № 104 "Кыргыз Республикасында жаңгак плантацияларын өстүрүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112107/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2907/edition/1022189/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112107/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жаңгак плантацияларын өстүрүү жөнүндө, 4-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112107/st-4

---

Жаңгак плантациясын өстүрүү жаатындагы мыйзамдарда бекитилген ыйгарым укуктарга ылайык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) мамлекеттик токой фондунун аймагынан сырткары жайгашкан жерлерде жаңгак плантацияларын түзүү боюнча чараларды көрүү жолу менен жаңгак-мөмөлүү токойлордун болгон табигый өсүмдүктөрүн сактоо, көбөйтүү жана сарамжалдуу пайдалануу;

2) түзүлгөн жаңгак плантацияларындагы жаңгак мөмөлөрүн жыйноо жана кайра иштетүү, сапаттуу азыкты өндүрүү, анын сапатын жана тышкы рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу;

3) инновациялык технологияларды өндүрүшкө киргизүү жана өндүрүүчүлөрдү маалыматтык камсыз кылуу;

4) жаңгак плантацияларын өстүрүүгө, анын ичинде кайра иштетүүчү ишканаларды түзүү үчүн инвестицияларды тартуу;

5) бекитилген чараларды ишке ашыруу үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилигин белгилөө, жаңгак плантацияларын өстүрүү менен байланышкан ишти регламенттөөчү ченемдик актыларды бузганы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурларда жана тартипте жоопкерчиликке тартуу.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112107/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112107/st-5)
