4-берене. Жаңгак плантацияларын өстүрүү жаатындагы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин негизги багыттары
Күчүндө · 01.08.2020 редакциясы
Жаңгак плантациясын өстүрүү жаатындагы мыйзамдарда бекитилген ыйгарым укуктарга ылайык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик токой фондунун аймагынан сырткары жайгашкан жерлерде жаңгак плантацияларын түзүү боюнча чараларды көрүү жолу менен жаңгак-мөмөлүү токойлордун болгон табигый өсүмдүктөрүн сактоо, көбөйтүү жана сарамжалдуу пайдалануу;
2) түзүлгөн жаңгак плантацияларындагы жаңгак мөмөлөрүн жыйноо жана кайра иштетүү, сапаттуу азыкты өндүрүү, анын сапатын жана тышкы рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу;
3) инновациялык технологияларды өндүрүшкө киргизүү жана өндүрүүчүлөрдү маалыматтык камсыз кылуу;
4) жаңгак плантацияларын өстүрүүгө, анын ичинде кайра иштетүүчү ишканаларды түзүү үчүн инвестицияларды тартуу;
5) бекитилген чараларды ишке ашыруу үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилигин белгилөө, жаңгак плантацияларын өстүрүү менен байланышкан ишти регламенттөөчү ченемдик актыларды бузганы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурларда жана тартипте жоопкерчиликке тартуу.
Берененин тексти 01.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112107/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасында жаңгак плантацияларын өстүрүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>