# КР 2020-жылдын 1-августундагы № 104 "Кыргыз Республикасында жаңгак плантацияларын өстүрүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 1-августундагы № 104 "Кыргыз Республикасында жаңгак плантацияларын өстүрүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112107>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2907/edition/1022189/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112107.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2020-жылдын 1-августундагы № 104 "Кыргыз Республикасында жаңгак плантацияларын өстүрүү жөнүндө" Мыйзамы (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112107

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 1-августу № 104 Кыргыз Республикасында жаңгак плантацияларын өстүрүү жөнүндө

2020-жылдын 17-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети](https://aqlex.ai/kg/doc/112107/st-1)

1. Ушул Мыйзам мамлекеттик токой фондунун аймагынан сырткары жайгашкан жерлерде жаңгак плантацияларын өстүрүү, анын ичинде жаңгак мөмөлөрүн, жыгачтарын пайдалануу, жаңгак азыктарын өндүрүү жана сатуу, буюмдарды сатып алуу, даярдоо, жасоо жана көчөт материалдарын кыюу жана өстүрүү менен байланышкан иштерди жөнгө салат.

2. Ушул Мыйзамда "жаңгак плантациясы" түшүнүгү жогорку сорттогу жогорку түшүмдүү өсүмдүктү алууга багытталган жаңгак мөмөлүү өсүмдүктөрүн өстүрүүнү камтыйт.

### [2-берене. Жаңгак плантацияларын сактоого, өнүктүрүүгө жана өндүрүш дараметин өстүрүүгө жооптуу мамлекеттик органдар](https://aqlex.ai/kg/doc/112107/st-2)

Жаңгак плантацияларын сактоо, өнүктүрүү жана өндүрүш дараметин өстүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жөнгө салынат.

### [3-берене. Жаңгак плантацияларын эсепке алуу жана сапатына баа берүү](https://aqlex.ai/kg/doc/112107/st-3)

Жаңгак плантацияларын эсепке алуу жана сапатына баа берүү айыл чарба, токой чарба чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.

### [4-берене. Жаңгак плантацияларын өстүрүү жаатындагы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин негизги багыттары](https://aqlex.ai/kg/doc/112107/st-4)

Жаңгак плантациясын өстүрүү жаатындагы мыйзамдарда бекитилген ыйгарым укуктарга ылайык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) мамлекеттик токой фондунун аймагынан сырткары жайгашкан жерлерде жаңгак плантацияларын түзүү боюнча чараларды көрүү жолу менен жаңгак-мөмөлүү токойлордун болгон табигый өсүмдүктөрүн сактоо, көбөйтүү жана сарамжалдуу пайдалануу;

2) түзүлгөн жаңгак плантацияларындагы жаңгак мөмөлөрүн жыйноо жана кайра иштетүү, сапаттуу азыкты өндүрүү, анын сапатын жана тышкы рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу;

3) инновациялык технологияларды өндүрүшкө киргизүү жана өндүрүүчүлөрдү маалыматтык камсыз кылуу;

4) жаңгак плантацияларын өстүрүүгө, анын ичинде кайра иштетүүчү ишканаларды түзүү үчүн инвестицияларды тартуу;

5) бекитилген чараларды ишке ашыруу үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилигин белгилөө, жаңгак плантацияларын өстүрүү менен байланышкан ишти регламенттөөчү ченемдик актыларды бузганы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурларда жана тартипте жоопкерчиликке тартуу.

### [5-берене. Жаңгак плантацияларын түптөө](https://aqlex.ai/kg/doc/112107/st-5)

Жаңгак плантациялары мамлекеттик токой фондунун аймагынан тышкары жайгашкан, бул үчүн жарактуу жер участокторунда, экологиялык, агротехникалык ченемдерди жана сунуштамаларды сактоо менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте түптөлөт.

### [6-берене. Жаңгак плантацияларын өстүрүү](https://aqlex.ai/kg/doc/112107/st-6)

1. Жеке менчик жерлерде жаңгак плантацияларын өстүрүү, анын ичинде жаңгак жыгач-тарын пайдалануу жана жаңгак азыктарын өндүрүү жана сатуу, буюмдарды сатып алуу, даярдоо, жасоо, көчөт материалын кыюу жана өстүрүү менен байланышкан иштер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жер участогунун ээси тарабынан жана анын жоопкерчилигинин негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жерлерде жаңгак плантациясын өстүрүү жана жаңгак азыктарын өндүрүү, көчөт материалын сатуу, өстүрүү менен байланышкан иштер мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын жоопкерчилигинин негизинде, жер участогун натыйжалуу жана максаттуу багытта гана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

### [7-берене. Жаңгак плантацияларына менчик](https://aqlex.ai/kg/doc/112107/st-7)

1. Мамлекеттик менчикте турган жерлерде жайгашкан жаңгак плантациялары мамлекеттин менчиги болуп саналат.

2. Муниципалдык менчикте турган жерлерде жайгашкан жаңгак плантациялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчиги болуп эсептелет.

3. Жеке менчиктеги жерлерде жайгашкан жаңгак плантациялары жер участокторунун ээси болгон жеке жана (же) юридикалык жактардын менчиги болуп саналат.

### [8-берене. Жаңгак плантацияларынын мөмөлөрүн өндүрүүгө жана сатууга мамлекеттик органдардын көмөгү](https://aqlex.ai/kg/doc/112107/st-8)

Мамлекеттик органдар өндүрүүчүлөрдү керектүү маалымат менен камсыз кылуу аркылуу, баа түзүүнү жөнгө салат, жаңгак плантацияларынын мөмөлөрүн өстүрүүгө, сатууга жана экспорттоого көмөк көрсөтөт.

### [9-берене. Жаңгак плантацияларын өстүрүү боюнча иш-чараларды каржылоо](https://aqlex.ai/kg/doc/112107/st-9)

Жаңгак плантацияларын өстүрүү боюнча илимий изилдөөлөрдү, жаңгак мөмөлүү өсүмдүктөрдүн сапатын жана өстүрүү технологиясын өркүндөтүү боюнча иш-чараларды каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле мыйзамдарда тыюу салынбаган булактардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

### [10-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши](https://aqlex.ai/kg/doc/112107/st-10)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 11-августундагы № 63 (3135) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Ш. Жээнбеков
