# 3-берене. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү тартиби

- Документ: [Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112105)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 14-августундагы № 125 "Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.12.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 декабря 2021 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О реструктуризации задолженности по начисленным процентам, пени, налоговым санкциям, штрафам по страховым взносам", "О добровольном декларировании имущества и доходов физическими лицами")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112326)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112105#diff=1110400..1110401>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112105/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2905/edition/1110400/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112105/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө, 3-берене (01.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112105/st-3

---

1. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр 2020-жылдын 1-июлуна карата абал боюнча түзүлгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөбөгөндүгү жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн кошуп эсептелген туумдарды жана айып пулдарды төлөө милдеттенмелеринен төмөнкүдөй көлөмдөрдө жана учурларда эсептен чыгаруу жолу менен бошотулат:

1) 100 пайыз - 2022-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыздар толугу менен төлөнгөндө;

2) 50 пайыз - 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыздар толугу менен төлөнгөндө.

2. 2020-жылдын 1-июлуна карата абал боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карызы жок камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн туумдары жана айып пулдары 100 пайыз өлчөмдө эсептен чыгарылат.

21. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр салыктык текшерүүнүн же камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн өздөрүнүн 2020-жылдын 1-июлуна чейинки отчеттук мезгил үчүн такталган отчетторду берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча 2020-жылдын 1-июлунан кийин кошуп эсептелген камсыздандыруу төгүмүнүн суммасына кошуп эсептелген туумдар жана айып пулдар боюнча карызды камсыздандыруу төгүмдөрүнүн негизги суммасын толук жойгон шартта, ушул беренеде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө эсептен чыгарганга укуктуу.

3. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча кошуп эсептелген туумдар жана айып пулдар боюнча карыздарды өндүрүү жөнүндө сот актысы күчүнө кирген учурда, ушул суммалар эсептен чыгарылбайт. Кошуп эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча туумдар жана айып пулдар боюнча карыздарды өндүрүү жөнүндө сот органдарынын чечимдери кабыл алынганга чейин ушул суммалар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыз толугу менен төлөнгөндө кайра түзүмдөштүрүлүүгө тийиш.

Ыйгарым укуктуу салык органынын, анын аймактык жана/же функционалдык бөлүмдөрүнүн же мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын пайдасына чыгарылган сот актысы жокко чыгарылган учурда, жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо тартибинде (ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин) камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча кошуп эсептелген туумдар жана айып пулдар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жаңы ачылган жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо боюнча соттун чечимдери күчүнө кирген учурдан тартып эсептен чыгарылууга жатат. (КР 2021-жылдын 1-декабрындагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112105/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112105/st-4)
