# 2-берене. Салыктык карыздарды кайра түзүмдөштүрүү тартиби

- Документ: [Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112105)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 14-августундагы № 125 "Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.12.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 декабря 2021 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О реструктуризации задолженности по начисленным процентам, пени, налоговым санкциям, штрафам по страховым взносам", "О добровольном декларировании имущества и доходов физическими лицами")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112326)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112105#diff=1110400..1110401>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112105/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2905/edition/1110400/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112105/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө, 2-берене (01.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112105/st-2

---

1. Салык төлөөчүлөр 2020-жылдын 1-июлуна карата абал боюнча түзүлгөн салыктарды өз убагында төлөбөгөндүгү жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн кошуп эсептелген туумдарды жана салыктык санкцияларды төлөө милдеттенмелеринен төмөнкүдөй көлөмдөрдө жана учурларда эсептен чыгаруу жолу менен бошотулат:

1) 100 пайыз - 2022-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө салыктардын негизги суммалары боюнча негизги карыздар толугу менен жоюлганда;

2) 50 пайыз - 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө салыктардын негизги суммалары боюнча негизги карыздар толугу менен жоюлганда.

2. 2020-жылдын 1-июлуна же ушул Мыйзам расмий жарыяланган айдын биринчи күнүнө карата абал боюнча салыктардын (анын ичинде импортко КНС жана акциздик салыктын) негизги суммалары боюнча карыздары жок салык төлөөчүлөргө пайыздардын, салыктык санкциялардын жана туумдардын суммалары 100 пайыз өлчөмдө эсептен чыгарылат.

21. Салык төлөөчүлөр салыктык текшерүүнүн же салык төлөөчүлөрдүн өздөрүнүн 2020-жылдын 1-июлуна чейинки салыктык мөөнөт үчүн такталган отчетторду берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча 2020-жылдын 1-июлунан кийин кошуп эсептелген салыктардын суммасына кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана салык санкциялары боюнча карыздарды салыктардын негизги суммасын толук жойгон шартта, ушул беренеде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө эсептен чыгарууга укуктуу.

3. Кайра түзүмдөштүрүү жүргүзүлгөндөн кийин төлөөчү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык карыздын калган бөлүгүн төлөө мөөнөтүн узартууга укуктуу.

4. Кайра түзүмдөштүрүлүүчү карыздарды жоюу датасы болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) салыктардын негизги суммалары боюнча - салыктын төлөөгө тийиштүү суммаларын которууга төлөм тапшырмасы банкка берилген күн жана/же эгерде акча каражаты бюджетке келип түшкөн учурда, салыктын төлөөгө тийиштүү суммаларын которуу үчүн накталай акча каражаттары банкка берилген күн;

2) импортко КНС, импортко акциздик салыктын негизги суммалары боюнча - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын тиешелүү эсептешүү эсебине акча каражаты түшкөн күн.

5. Төлөөчүнүн карыздары боюнча салыктын, анын ичинде импортко КНС, импортко акциздик салыктын ашыкча төлөнгөн суммасы төмөнкүдөй тартипте пайдаланылат: Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана салыктардын ставкаларын, аларды башкарууну жөнгө салуучу башка мыйзам актыларынын талаптарына ылайык өзүнчө салык боюнча карыз, андан кийин ушул салык боюнча кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздар жоюлат.

6. Кайра түзүмдөштүрүлүүчү тарабынан салык карыздарын жоюу максатында ашыкча төлөнгөн салыктын суммасына КНС боюнча ашып кеткен сумма кошулбайт.

7. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейинки кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды өндүрүү жөнүндө сот актысы күчүнө кирген учурда ушул суммалар эсептен чыгарылбайт. Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана салыктык санкциялар боюнча карыздарды өндүрүү жөнүндө сот органдарынын чечимдери кабыл алынганга чейин ушул суммалар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө салыктардын негизги суммалары боюнча карыздарды толугу менен төлөгөндө кайра түзүмдөштүрүлүүгө тийиш.

Ыйгарым укуктуу салык органынын, анын аймактык жана/же функционалдык бөлүмдөрүнүн пайдасына чыгарылган сот актысы жокко чыгарылган учурда, жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо тартибинде (ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин) кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана салыктык санкциялар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жаңы ачылган жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо боюнча соттун чечими күчүнө кирген учурдан тартып эсептен чыгарылууга тийиш. (Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 1-декабрындагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112105/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112105/st-3)
