# 5-берене. Биоэтанолго жана анын колдонуу циклинин процесстеринин коопсуздугуна жалпы талаптар

- Документ: [Биоэтанол жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112104)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 22-июлундагы № 86 "Биоэтанол жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112104/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2904/edition/1022183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112104/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Биоэтанол жөнүндө, 5-берене (22.07.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112104/st-5

---

1. Биоэтанол өндүрүүчүлөр сатып алуучуларга жана керектөөчүлөргө биоэтанолдун коопсуздугунун жана сапатынын көрсөткүчтөрү жөнүндө толук жана анык маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

2. Биоэтанолду сактоо санитардык-эпидемиологиялык, экологиялык жана өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келген атайын багыттагы кампа жайларда жүзөгө ашырылат.

3. Компаундаштыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

4. Биоэтанолду кооптуу жүктөрдү ташууга коюлган талаптарга жана техникалык эксплуатациялоонун эрежелерине ылайык, атайын жабдылган жана ташууга жол берилген транспорт аркылуу ташууга жол берилет.

5. Биоэтанол ташууда биоэтанолдун коопсуздугу, сапаты жана бузулбай сакталышы камсыз кылынууга тийиш.

6. Лабораториялык изилдөөнүн натыйжалары боюнча багыты боюнча пайдалануу үчүн жараксыз деп таанылган биоэтанол аны андан ары пайдалануу же жок кылуу (утилдештирүү) жүйөсүнө экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112104/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112104/st-6)
