# 3-берене. Биоэтанол өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптери

- Документ: [Биоэтанол жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112104)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 22-июлундагы № 86 "Биоэтанол жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112104/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2904/edition/1022183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112104/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Биоэтанол жөнүндө, 3-берене (22.07.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112104/st-3

---

Биоэтанол өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:

- отун энергетика ресурстарын үнөмдөө жана Кыргыз Республикасынын алардын импорттолушуна көз карандылыгын азайтуу максатында биоэтанол өндүрүү үчүн чийки заттардын ар кандай түрлөрүн иштеп чыгууга жана пайдаланууга көмөктөшүү;

- өндүрүштүн ченемдик аныкталган үлүшүн этап-этап боюнча көбөйтүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте биоэтанолду жана аралашма мотордук отунду колдонуу;

- айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын калдыктарын биоэтанол өндүрүү үчүн чийки зат катары пайдалануунун эсебинен айлана-чөйрөнүн абалына терс таасирин азайтуу, биоэтанол өндүрүүнүн, ташуунун, сактоонун жана керектөөнүн экологиялык коопсуздугун сактоо;

- биоэтанолду пайдалануунун экономикалык жана экологиялык артыкчылыктарын калк арасында пропагандалоо;

- биоэтанол өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү эл аралык илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү, дүйнөлүк илимдин жана техниканын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112104/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112104/st-4)
