# 2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр жана терминдер

- Документ: [Биоэтанол жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112104)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 22-июлундагы № 86 "Биоэтанол жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112104/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2904/edition/1022183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112104/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Биоэтанол жөнүндө, 2-берене (22.07.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112104/st-2

---

Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:

1) биологиялык тектүү чийки заттар - биологиялык тектүү азыктар, анын ичинде биохимиялык компоненттерге бөлүнүүчү жана биоэтанол өндүрүү үчүн пайдаланылуучу азыктар;

2) биоэтанолду жүгүртүү - биоэтанолду ташып келүүнү (импорт) жана ташып чыгарууну (экспорт) кошуп алганда, биоэтанолду сатуу (сатуу же жөнөтүү) процесстери (баскычтары), ошондой эле алар менен байланышкан куюу, маркалоо, сактоо жана ташуу процесстери;

3) ыйгарым укуктуу орган - биоэтанолду өндүрүү жана жүгүртүү жаатында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган;

4) биоэтанолду утилизациялоо - максаттуу багыты боюнча пайдалануу үчүн жараксыз биоэтанолду жана биоэтанолду өндүрүүдөгү кошумча азыктарды белгиленген сапаттагы биоэтанолго технологиялык иштеп чыгуу же жок кылуу;

5) биоэтанол өндүрүү - биоэтанол алууну камсыз кылуучу чийки затты кайра иштетүү боюнча иштердин комплекси;

6) биоэтанол өндүрүүчү - биоэтанолду өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жак;

7) биоэтанол - мунайзаттар менен милдеттүү түрдө аралаштыруу (компаундаштыруу) үчүн арналган, биологиялык тектүү чийки заттардан өндүрүлгөн дегидратталган этил спирти;

8) дегидратталган этил спирти - суунун үлүшү бир пайыздан ашык болбогон, суусуздандыруу процессине дуушар болгон этил спирти;

9) денатурланган биоэтанол - тамак-аш азыгы же тамак-аш азыгына кошунду катары пайдаланууга мүмкүндүк бербөөчү касиеттерди киргизүү максатында химиялык заттар менен аралашуу процессине дуушар болгон дегидратталган этил спирти;

10) өндүрүш паспорту - биоэтанолду өндүрүү боюнча заводдун өндүрүштүк кубаттуулугунун көрсөткүчтөрүн, биоэтанолду өндүрүүнүн технологиялык процессин сактоо үчүн бар болгон жабдууларды пайдаланууну регламенттөөчү, анын негизги мүнөздөмөсүн чагылдыруучу белгиленген формадагы документ;

11) тамак-аш чийки заты - тамак-аш продукциясын жана биоэтанолду өндүрүү үчүн жарактуу биологиялык тектеги чийки заттардын түрү;

12) биоэтанолду жүгүртүүгө чыгаруу - өндүрүүчүнүн, сатуучунун кампасынан жөнөтүлгөн же кампага жыйнабастан жүктөп жөнөтүлгөн же башка мамлекеттердин аймагына сатуу үчүн экспорттолгон биоэтанолду рынокко жайгаштыруу.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112104/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112104/st-3)
