# 52-берене. Ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген керектөөчүлөрдүн укуктарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112100)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 22-июлундагы № 84 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 84
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112100/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2900/edition/1022099/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112100/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 52-берене (22.07.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112100/st-52

---

1. Ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген керектөөчүлөрдүн укуктарын бузгандыгы үчүн даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.

2. Этиятсыздыктан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирген керектөөчүлөрдүн өмүрүнүн же ден соолугунун коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген товарларды атайылап же этиятсыз өндүрүү же сатуу, иштерди аткаруу же болбосо кызматтарды көрсөтүү, буга тете эле көрсөтүлгөн товарлардын, иштердин же кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздук талаптарына ылайык келүүсүн ырастаган расмий документти укук ченемсиз берүү же пайдалануу үчүн даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.

3. Этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген керектөөчүлөрдүн өмүрүнүн же ден соолугунун коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген товарларды өндүрүү же сатуу, иштерди аткаруу же болбосо кызматтарды көрсөтүү, буга тете эле көрсөтүлгөн товарлардын, иштердин же кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздук талаптарына ылайык келүүсүн ырастаган расмий документти укук ченемсиз берүү же пайдалануу үчүн даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.

4. Товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) даярдоочулар (аткаруучулар, сатуучулар), сыноо лабораториялары (борборлору) төмөнкүлөргө даттанууга укуктуу:

мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу монополияга каршы мамлекеттик органдын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазма эскертүүлөрүнө Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында каралган сотко чейинки тартипте, андан ары - соттук тартипте; мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу монополияга каршы мамлекеттик органдын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айыптарды салуу жөнүндө токтомуна.";

14) 53-берененин биринчи бөлүгүнүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"сапаты талаптагыдай болбогон, ошондой эле керектөөчүлөрдүн өмүрү, ден соолугу, мүлкү үчүн кооптуу товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) табылганда жана ушул Мыйзамдын башка талаптары бузулганда материалдар мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу монополияга каршы органга же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, алардын ушул Мыйзамдын 49 жана 51-беренелеринде каралган ыйгарым укуктарына ылайык Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик чараларын көрүү үчүн өткөрүлүп берилет;";

15) 54-берененин 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча керектөөчүлөрдүн даттанууларынын саны жана мазмуну, уставдык максаттарда жүргүзүлгөн иш-чаралар жөнүндө маалымат берүүгө.";

16) 551-берене күчүн жоготту деп таанылсын.

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112100/st-51)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112100/st-2)
