# 51-берене. Мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары

- Документ: [Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112100)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 22-июлундагы № 84 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 84
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112100/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2900/edition/1022099/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112100/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 51-берене (22.07.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112100/st-51

---

Товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) коопсуздугун камсыз кылуу максатында техникалык регламенттердин жана өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу жагындагы мыйзамдардын талаптарынын сакталышына мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде: товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) коопсуздугуна карата талаптардын жана өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу жагындагы мыйзамдарда белгиленген талаптардын сакталышына контролду жүзөгө ашырат; товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) коопсуздугуна карата талаптарды бузууларды четтетүү, мындай товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүштөн алып салуу, мындай товарларды чыгарууну жана сатууну (иштерди аткарууну, кызмат көрсөтүүлөрдү) токтотуу, жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен товарларды жана жарактуулук мөөнөтү жана колдонуу мөөнөтү белгиленүүгө тийиш болгон, бирок белгиленбеген товарларды (иштерди) сатууну токтотуу жөнүндө, товар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө анык жана жетиштүү маалымат болбогондо аны сатууну (иштерди аткарууну, кызматтарды көрсөтүүнү) токтотуу жөнүндө, алардын керектөөчүлөрүнүн пикирлери жана бул туурасында керектөөчүлөргө маалымдоо жөнүндө, алардын ар кандай түрдөгү таңгактардагы оролгон товарлардын санынын аларды ачуудагы, сатуудагы жана импорттоодогу таңгактагы санына ылайык келүүсү тууралуу жазма эскертүүлөрдү жөнөтөт; ыйгарым укуктуу органга керектөөчүлөрдүн укуктарын бузуулар жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү иштер жөнүндө келип түшкөн кайрылуулар боюнча жылдык маалыматты отчёттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирбестен жана жарым жылдык маалыматы учурдагы жылдын 1-августунан кечиктирбестен берет.

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112100/st-50)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112100/st-52)
