Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 22.07.2020 редакциясы
"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 5-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуланын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 11-беренеде:
а) он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - техникалык регламенттердин жана өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган;";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"ыйгарым укуктуу орган - керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө тармактар аралык координациялоону жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган; монополияга каршы мамлекеттик орган - товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган.";
3) 9-беренеде:
a) 1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) керектөөчүгө товарларды туура тандап алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) тууралуу зарыл жана так маалыматты өз убагында берүүгө милдеттүү.";
б) 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө маалымат милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: товардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) аталышын; сунушталып жаткан иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) түрлөрүн жана өзгөчөлүктөрүн; эгерде товар (иш, кызмат көрсөтүү) техникалык регламенттерде, стандарттарда белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн ырастоо жол-жобосунан өтүүгө тийиш болгон учурда, ылайык келүү белгисин; техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келүүсү жөнүндө маркалоону; товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) негизги керектөөчүлүк касиеттери жөнүндө маалыматтарды, ал эми тамак-аш азыктарына карата - курамы жөнүндө маалыматтарды (анын ичинде аларды даярдоо процессинде пайдаланылуучу башка тамак-аш азыктарынын жана тамак-аш кошулмаларынын тизмегин), тамак-аш азыктарында гендик-инженердик-модификацияланган организмдерди колдонуу менен алынган компоненттердин болушу, тамак-аш азыктарынын салмагы жана көлөмү, калориялуулугу, аларда ден соолук үчүн зыяндуу заттардын камтылышы жөнүндө, ошондой эле оорулардын айрым түрлөрүндө колдонуу үчүн болбой турган жактары жөнүндө маалыматтарды (маркировкалоону); товардын (иштин натыйжасынын) санын (көлөмүн) же комплекттүүлүгүн; товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) улуттук валютадагы жана (же) пайыздык туюнтмадагы баасын, комиссиялык сый акыларын жана тарифтерин, ошондой эле сатып алуу шарттарын; эгерде ал ушул Мыйзамга ылайык белгиленсе, кепилдик мөөнөтүн; товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) натыйжалуу жана коопсуз пайдалануу эрежелерин жана шарттарын; товарлардын (иштердин) ушул Мыйзамга ылайык белгиленген даярдалган күнүн, колдонулуу мөөнөтүн же жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөндөн кийин керектөөчүнүн зарыл болгон аракеттери жана эгерде товарлар (иштер) көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөндөн кийин керектөөчүнүн өмүрү, ден соолугу жана мүлкү үчүн коркунуч келтирсе же арналышы боюнча пайдалануу үчүн жараксыз болуп калса, мындай аракеттерди аткарбай коюунун мүмкүн болгон кесепеттери жөнүндө маалыматтарды; даярдоочунун (аткаруучунун, сатуучунун) жайгашкан жерин (юридикалык дарегин) жана даярдоочу (сатуучу) тарабынан керектөөчүлөрдөн дооматтарды кабыл алууга ыйгарым укук берилген жана товарды (ишти) оңдоочу жана техникалык жактан тейлөөчү уюмдун (уюмдардын) жайгашкан жерин; эгерде аларды белгилөө мыйзамдарда, техникалык регламенттерде каралган учурларда, товарлардын энергетикалык натыйжалуулугунун класстары жөнүндө, ошондой эле имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун мыйзамдардын талаптарына ылайык келүүсү жөнүндө маалыматтарды; товарларды сатуу (иштерди аткаруу, кызматтарды көрсөтүү) эрежелери жөнүндө маалыматтарды. Эгерде керектөөчү сатып алган товар мурда колдонулган болсо же анын кемчилиги (кемчиликтери) четтетилсе, керектөөчүгө бул тууралуу маалымат берилүүгө тийиш.";
4) 11-берененин 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 16-беренеде:
а) 2-пунктунда "Жарандык процесстик кодексинин 28-статьясында" деген сөздөр "Жарандык процесстик кодексинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-пунктунда "товарлардын (иштердин, кызматтардын) сапатын жана коопсуздугун контролдоочу мамлекеттик башкаруу органдары" деген сөздөр "мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 4-пунктунда "товарлардын (иштердин, кызматтардын) сапатына жана коопсуздугуна контролду жүзөгө ашыруучу мамлекеттик башкаруу органдары" деген сөздөр "мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
г) 6-пунктунда "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссиялары)" деген сөздөр "Ыйгарым укуктуу монополияга каршы орган, мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын; "администрациялык" деген сөз алып салынсын;
6) 24-беренеде:
а) 1-пунктунун үчүнчү абзацы "азык-түлүк эмес товар" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде мурда колдонулбаган, арзандатылган жана төмөндөтүлгөн баада сатып алынган товарды" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Керектөөчү сапаты талаптагыдай товарды кайра кайтарганда анын товар үчүн төлөнгөн акчалай сумманы кайтаруу жөнүндө талабы сатуучу тарабынан токтоосуз канааттандырылууга тийиш. Эгерде керектөөчүнүн талабын токтоосуз канааттандырууга мүмкүн болбогон учурда. талапты канааттандыруу үчүн максималдуу мөөнөт жети күндөн ашпоого тийиш.";
7) 241-беренеде:
а) 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Керектөөчүгө товар жеткирилген учурда. ушул Мыйзамдын 9-беренесинде каралган товар жөнүндө маалымат, ошондой эле ушул берененин 3-пунктунда каралган товарды кайтаруунун тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө маалымат жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Сапаты талаптагыдай болбогон товарды аралыктык ыкма менен сатуунун кесепеттери ушул Мыйзамдын 17-23-беренелеринде каралган жоболордо белгиленген.";
8) 26, 28-35-беренелер күчүн жоготту деп таанылсын;
9) 27-беренеде:
а) он бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн эсептешүүдө төлөм системасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү үчүн арналган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) пайдалануу менен сатып алуучунун накталай эмес формада төлөө ыкмасын тандап алуусун чектөөгө. Сатуучулардын (аткаруучулардын) тизмеги, ошондой эле сатуучулар (аткаруучулар) банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууну (программалык-техникалык түзүлүштү) өздөрүндө орнотууга милдеттүү болгон критерийлер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат;";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"тийиштүү ыктыярдуу сертификаты жок туруп, продукцияга (көрсөтүлгөн кызматка) ыктыярдуу сертификат маркасын (органикалык жана/же адал продукция жана кызмат көрсөтүүлөр) коюуга.";
10) 39-беренеде:
а) экинчи бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
б) үчүнчү бөлүгүндө "келишимде (тараптардын макулдашуусунда) белгиленген" деген сөздөр "тараптар менен макулдашылган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 46-берененин экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Керектөөчү аткаруучу толугу менен бүтүргөн ишке (көрсөтүлгөн кызматка) аны керектөөчү кабыл алгандан кийин төлөп берүүгө милдеттүү. Керектөөчүнүн макулдугу менен иш (кызмат көрсөтүү) келишим түзүүдө толук өлчөмдө же аванс берүү жолу менен төлөнүшү мүмкүн.";
12) V глава төмөнкүдөй мазмундагы 481-берене менен толукталсын:
"481-берене. Ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктары
1. Ыйгарым укуктуу орган:
керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизет; керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын ишин тармактар аралык координациялоону жүзөгө ашырат; керектөөчүлөрдүн даттанууларына жарым жылдык, жылдык талдоо жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишине жыл сайын талдоо жүргүзөт; мамлекеттик органдарга алардын ушул Мыйзамды жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларды бузуу менен кабыл алган чечимдерин жокко чыгаруу боюнча сунуштарды (сунуштамаларды) киргизет; керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин бирдиктүү реестрин түзөт, жүргүзөт жана пайдаланат.
2. Ыйгарым укуктуу органдын алдында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңеш түзүлөт.";
13) 49-52-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"49-берене. Монополияга каршы мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары Монополияга каршы мамлекеттик орган өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде: керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын сакталышына мамлекеттик контроль жүргүзөт; даярдоочуларга (аткаруучуларга, сатуучуларга) керектөөчүлөрдүн укуктарын бузууларды токтотуу жөнүндө жазма эскертүүлөрдү жиберет; ыйгарым укуктуу органга керектөөчүлөрдүн укуктарын бузуулар жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү иштер жөнүндө келип түшкөн кайрылуулар боюнча жылдык маалыматты отчёттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирбестен жана жарым жылдык маалыматты учурдагы жылдын 1-августунан кечиктирбестен берет.
Берененин тексти 22.07.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 10.12.1997 · № 90
- Жарандык процесстик кодексиКодекс · 29.12.1999 · № 146 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112100/st-1" title="1-берене - Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>