# 2-берене

- Документ: [Ысык-Көл" биосфера аймагынын сууларын агызып чыгаруу жана тазалоочу курулмалары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112098)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 17-августундагы № 133 "Ысык-Көл" биосфера аймагынын сууларын агызып чыгаруу жана тазалоочу курулмалары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 17.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112098/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2898/edition/1059235/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112098/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ысык-Көл" биосфера аймагынын сууларын агызып чыгаруу жана тазалоочу курулмалары жөнүндө, 2-берене (17.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112098/st-2

---

1. Агып чыкма сууларды тазалоо боюнча курулмаларды куруу, аларды оңдоо жана калыбына келтирүү республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, бюджеттик эмес каражаттардын, гранттык жана кредиттик каражаттардын, Жаратылышты өнүктүрүү фондунун каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржы булактарынын эсебинен каржыланат.

2. Жаратылышты өнүктүрүү фондунун каржы каражаттары анын Байкоочу кеңеши тарабынан аныкталган тартипте, артыкчылыктуу тартипте төмөнкү иш-чараларга сарпталат:

1) тазалоочу курулмаларды комплекстүү куруу боюнча шаар куруу документтерин, техникалык-экономикалык негиздеменин (ТЭН) долбоорлорун даярдоого;

2) агып чыкма сууларды тазалоо чөйрөсүндө заманбап технологияларды киргизүү боюнча ченемдик укуктук актыларды, техникалык ченемдерди (стандарттарды) иштеп чыгууга;

3) агып чыкма сууларды тазалоо боюнча мамлекеттик жана муниципалдык объекттерди курууга.

3. Ушул Мыйзамды ишке ашыруу максатында Жаратылышты өнүктүрүү фондунун каржы каражаттары эл аралык каржы уюмдарынын, донор-өлкөлөрдүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын каражаттарын тартууну караштырган фонддорду жана долбоорлорду биргелешип каржылоого багытталышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112098/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112098/st-3)
