# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112095)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 18-июлундагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112095/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2895/edition/1181148/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112095/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу, 2-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112095/st-2

---

1. Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин колдонулушу 2019 жана 2020-жылдардын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын бөлүштүрүүгө жайылтылбасы белгиленсин.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы пайдасын республикалык бюджетке чегерүүнү төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырсын: 2019-жылдын жыйынтыктары боюнча - жүз пайыз өлчөмүндө; 2020-жылдын жыйынтыктары боюнча - токсон пайыз өлчөмүндө.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2019-жылдын жыйынтыктары боюнча республикалык бюджетке чегерилүүчү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасынын 256527300 сом өлчөмүндөгү он пайызын Мамлекеттик бюджеттик резервге жөнөтсүн.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112095/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112095/st-3)
