# КР 2020-жылдын 18-июлундагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 18-июлундагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112095>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2895/edition/1181148/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112095.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2020-жылдын 18-июлундагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112095

---

КР 2022-жылдын 11-августундагы № 92 конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 18-июлу № 78 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

2020-жылдын 17-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112095/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 11, 1183-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 23-берененин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "эгерде финансылык жылдын натыйжалары боюнча Улуттук банктын уставдык капиталынын жана милдеттүү резервдеринин суммасы Улуттук банктын монетардык милдеттенмелеринин он пайызынан аз болуп калса, анда пайданын жетимиш пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине чегерилет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112095/st-2)

1. Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин колдонулушу 2019 жана 2020-жылдардын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын бөлүштүрүүгө жайылтылбасы белгиленсин.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы пайдасын республикалык бюджетке чегерүүнү төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырсын: 2019-жылдын жыйынтыктары боюнча - жүз пайыз өлчөмүндө; 2020-жылдын жыйынтыктары боюнча - токсон пайыз өлчөмүндө.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2019-жылдын жыйынтыктары боюнча республикалык бюджетке чегерилүүчү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасынын 256527300 сом өлчөмүндөгү он пайызын Мамлекеттик бюджеттик резервге жөнөтсүн.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112095/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2019-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Ш. Жээнбеков
