# 9-берене. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдү кайрадан берүү

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 1-августундагы № 110 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2894/edition/1260195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112094/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 9-берене (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-9

---

1. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк күбөлүктүн бланкы жоголгондо, бузулганда, эскирип жыртылганда, ламинирленгенде, тексти жана/же мөөрү окулбай калганда, арыз ээси кайрылган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан кайрадан берилет.

2. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк төмөнкүлөргө кайрадан берилет:

1) ага карата жарандык абал актысына жазуу жүргүзүлгөн адамга;

2) эмгекке жарамсыз деп таанылган адамдардын камкорчуларына;

3) өлгөн адамдын жакын тууганына (өлгөндүгү тууралуу күбөлүк);

4) эгерде туулгандыгы тууралуу актыга жазуу жүргүзүлгөн баланын күбөлүктү кайрадан берүүчү күнгө карата жашы жете элек болсо, ата-энесине (аларды алмаштыруучу адамдарга) же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн, балдар үйлөрүнүн жана интернаттарынын өкүлдөрүнө;

5) ушул беренеге ылайык, жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү кайрадан алууга укугу бар адамдын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каты көрсөтүлгөн учурда, башка адамга.

3. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк төмөнкүдөй учурларда кайрадан берилбейт:

1) ата-энеси (атасы же энеси) ата-энелик укуктарынан ажыратылганда же ата-энелик укуктары чектелгенде, баланын ата-энесине (ата-энесинин бирине) - туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

2) никеси бузулган адамдарга жана никеси жараксыз деп таанылган адамдарга - нике тууралуу күбөлүк.

4. Арыз ээсинин кайрылуусу боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте, жарандык абалдын актыларын жазуунун бардык түрлөрү боюнча жарандык абалдын актыларындагы жазуулардан көчүрмөлөр берилет.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-10)
