# 8-берене. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 1-августундагы № 110 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2894/edition/1260195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112094/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 8-берене (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-8

---

1. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо фактысын ырастоочу, кагаз жана/же электрондук түрдө берилүүчү документ болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын аймагында Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу алынган санариптик форматтагы жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөр колдонулат.

2. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формалары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

3. Мурда идентификациялык жеке номерлери болбогон адамдардын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо тууралуу жазууларды жана өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдү кошпогондо, жарандык абалдын актыларын жазуулардын бардык түрлөрүндө жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдө идентификациялык жеке номерлер көрсөтүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 8-июлундагы 113 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-9)
