# 7-берене. Жарандык абалдын актысын жазуу

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 1-августундагы № 110 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 марта 2023 года № 59 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/112548)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112094#diff=1260196..1260197>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2894/edition/1260195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112094/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 7-берене (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-7

---

1. Жарандык абалдын актысын жазуу автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу электрондук түрдө жүргүзүлөт жана кагазга басылып чыгарылат. Жарандык абалдын актыларынын электрондук түрдөгү жазылган тексти менен кагазга басылган текстинин ортосунда айырмачылыктар болгондо, кагазга басылган текст түп нуска болуп эсептелет.

2. Жарандык абалдын актысына жазуу жүргүзүү үчүн арыз ээсинин инсандыгын ырастаган төмөнкү документтердин бири көрсөтүлүүгө тийиш:

1) туулгандыгын, никелешүүсүн, никесинин бузулгандыгын, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгүн жана өлгөндүгүн мамлекеттик каттоодо:

а) Кыргыз Республикасынын жаранынын жарактуу паспорту (ID-карта), ал эми Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы аймакта - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же жаппы жарандык паспорту;

б) офицердин инсандыгынын ырастамасы;

в) жарандыгы жок жактар үчүн жашай туруу укугу;

г) чет өлкөлүк жарандын паспорту;

д) баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоодо "Кайрылмандын" ырастамасы;

е) качкындын ырастамасы;

ж) он алты жашка толгон, ошондой эле жашы жете элек адамдар үчүн фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү каттоодо туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;

2) кайрадан күбөлүк алууда:

а) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта), ал эми Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары аймакта - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же жалпы жарандык паспорту;

б) офицердин инсандыгынын ырастамасы;

в) "Кайрылмандын" ырастамасы;

г) жарандыгы жок жактар үчүн жашай туруу укугу;

д) чет өлкөлүк жарандын паспорту;

е) эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулгандыгы жөнүндө маалымкаты.

ж) качкындын ырастамасы.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жарандык абалынын актысын мамлекеттик каттоо фактысын ырастаган, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн көрсөтүлүүчү документтеринин аныктыгы, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, консулдук легалдаштыруу же апостилдештирүү аркылуу тастыкталат жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдерине которулат. Документтерди которууну жүзөгө ашырган котормочунун колунун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

3. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо арыздын, анын ичинде Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу келип түшкөн арыздын негизинде жүргүзүлөт.

4. Ата-энелеринде алардын инсандыгын ырастаган документтери жок болгон учурларда, баланын туулгандыгы фактысын каттоо ушул Мыйзамдын 13-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык жүзөгө ашырылат.

5. Жарандар бир айдын ичинде өзүнүн инсандыгын ырастаган документтерин төмөнкүдөй учурларда алмаштырууга милдеттүү:

1) никеге турганда жана бузулганда жубайлардын (жубайынын) фамилиясы өзгөртүлгөндө;

2) фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөртүлгөндө;

3) жарандык абалдын актыларындагы жазууларга өзгөртүүлөр жана ондоолор киргизилгенде.

4) үй-бүлөлүк абалы өзгөргөндө - Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорттору үчүн.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 16-мартындагы № 59, 2024-жылдын 8-июлундагы 113 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-8)
