# 5-берене. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 1-августундагы № 110 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июля 2024 года № 113 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011244)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.07.2024 [Закон КР от 8 июля 2024 года № 113 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011244); 29.11.2021 [Закон КР от 29 ноября 2021 года № 142 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в рамках защиты прав участников уголовного судопроизводства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112323)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112094#diff=1260197..17745>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2894/edition/1260195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112094/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 5-берене (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-5

---

1. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жарандардын мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарын коргоо максатында, ошондой эле мамлекеттин кызыкчылыктарында белгиленет.

2. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо автоматташтырылган маалымат системалары аркылуу электрондук түрдө жүргүзүлөт, арыз ээлери жана жарандык абалдын актысына жазуу жүргүзүүчү жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкери тарабынан кол коюлат.

21. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу арыздар жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.

3. Жарандык абалдын актыларын каттоо арыз ээси кайрылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу берилген жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндөгү арыз арызда көрсөтүлгөн жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан каралат.

31. Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуунун алкагында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

4. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарандык абалынын актыларын мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамына ылайык автоматташтырылган маалымат системалар аркылуу электрондук түрдө жүргүзүлөт.

5. Маалымат коопсуздугун белгиленген тартипте камсыз кылуу жана жарандык абалдын актыларындагы жазууларга санкцияланбаган жеткиликтүүлүк үчүн жоопкерчилик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.

6. (КР 2024-жылдын 8-июлундагы № 113 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7. Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкери өзүнө, өзүнүн жубайына, анын жана өзүнүн жакын туугандарына карата жарандык абалдын актыларына мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырууга укуксуз. Мындай учурларда жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо башка кызматкер тарабынан же жарандык абалдын актыларын каттоонун башка органында жүргүзүлөт.

8. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоонун тууралыгы жана сапаты үчүн жоопкерчилик жарандык абалдын актыларына жазууларды жүргүзүүчү кызматкерге жана анын түздөн-түз жетекчисине жүктөлөт.

9. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү берүү тартиби жана уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2021-жылдын 29-ноябрындагы N 142, 2024-жылдын 8-июлундагы 113 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-6)
