5-берене. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо
Күчүндө · 17.07.2025 редакциясы · 1-глава
1. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жарандардын мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарын коргоо максатында, ошондой эле мамлекеттин кызыкчылыктарында белгиленет.
2. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо автоматташтырылган маалымат системалары аркылуу электрондук түрдө жүргүзүлөт, арыз ээлери жана жарандык абалдын актысына жазуу жүргүзүүчү жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкери тарабынан кол коюлат.
21. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу арыздар жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
3. Жарандык абалдын актыларын каттоо арыз ээси кайрылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу берилген жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндөгү арыз арызда көрсөтүлгөн жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан каралат.
31. Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуунун алкагында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарандык абалынын актыларын мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамына ылайык автоматташтырылган маалымат системалар аркылуу электрондук түрдө жүргүзүлөт.
5. Маалымат коопсуздугун белгиленген тартипте камсыз кылуу жана жарандык абалдын актыларындагы жазууларга санкцияланбаган жеткиликтүүлүк үчүн жоопкерчилик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.
6. (КР 2024-жылдын 8-июлундагы № 113 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7. Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкери өзүнө, өзүнүн жубайына, анын жана өзүнүн жакын туугандарына карата жарандык абалдын актыларына мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырууга укуксуз. Мындай учурларда жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо башка кызматкер тарабынан же жарандык абалдын актыларын каттоонун башка органында жүргүзүлөт.
8. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоонун тууралыгы жана сапаты үчүн жоопкерчилик жарандык абалдын актыларына жазууларды жүргүзүүчү кызматкерге жана анын түздөн-түз жетекчисине жүктөлөт.
9. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү берүү тартиби жана уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
(КР 2021-жылдын 29-ноябрындагы N 142, 2024-жылдын 8-июлундагы 113 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 8 июля 2024 года № 113 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 ноября 2021 года № 142 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в рамках защиты прав участников уголовного судопроизводства"Редакцияларды салыштыруу
08.07.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…абалдын актыларын жазуу органынын кызматкери тарабынан кол коюлат.
кошулду: 21. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу арыздар жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
3. Жарандык абалдын актыларын каттоо арыз алынып салынды: ээсинин кошулду: ээси кайрылган алынып салынды: жери кошулду: жер боюнча жарандык абалдын алынып салынды: актысын кошулду: актыларын жазуу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
кошулду: Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу берилген жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндөгү арыз арызда көрсөтүлгөн жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан каралат.
31. Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо … каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.
6. алынып салынды: Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө арыздардын бланктарынын формалары, жарандык абалдын актыларынын жазууларын, жарандык абалдын актыларынын бул жазууларынын негизинде берилүүчү күбөлүктөрдүн бланктарынын формалары жана мазмуну, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын тастыктаган башка документтердин жана бланктардын формалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Жарандык абалдын актыларынын жазууларынын бардык түрлөрүндө жана жарандык абал актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдө идентификациялык жеке номерлер көрсөтүлөт.
кошулду: (КР 2024-жылдын 8-июлундагы № 113 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7. Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкери өзүнө, … Өкмөтү тарабынан аныкталат.
(КР 2021-жылдын 29-ноябрындагы N алынып салынды: 142 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 142, 2024-жылдын 8-июлундагы 113 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 "Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу"…Постановление · 11.03.2021 · № 90 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрели № 213 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 30.04.2024 · № 213 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 08.07.2024 · № 113
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112094/st-5" title="5-берене - Жарандык абалдын актылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>