# 40-берене. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын кызматкерлеринин, Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жоопкерчилиги

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 1-августундагы № 110 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2894/edition/1260195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112094/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 40-берене (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-40

---

1. Жарандык абал актыларын мамлекеттик каттоодо жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын кызматкерлеринин күнөөсүнөн улам Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын укуктары бузулса, көрсөтүлгөн адамдарга карата мыйзамсыз чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) аркылуу зыян келтирилсе, алар Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.

2. Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн, ошондой эле жарандык абалдын актыларын каттоого берген маалыматтарынын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жана жарандык-укуктук жоопкерчилигин тартат.

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-41)
