# 38-берене. Жарандык абалдын актыларынын жазууларын калыбына келтирүү

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 1-августундагы № 110 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2894/edition/1260195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112094/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 38-берене (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-38

---

1. Жарандык абалдын актыларынын жазууларын калыбына келтирүү арыз ээсинин кайрылган жери боюнча, соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген чечиминин негизинде жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо фактысын аныктоо жөнүндө сотко кайрылуу үчүн негиз болуп аймагында жарандык абалдын актыларына мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн жарандык абалдын актыларын жазуу органынын жарандык абалдын актысын жазуунун биринчи жана экинчи нускаларынын жоктугу жөнүндөгү билдирүүсү саналат.

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-39)
