34-берене. Жарандык абалдын актыларындагы жазууларга ондоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн негиздер
Күчүндө · 17.07.2025 редакциясы · 7-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 16 марта 2023 года № 59
1. Жарандык абалдын актыларындагы жазууларга ондоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган негиздер болгондо жана кызыкдар адамдардын ортосунда талаш-тартыш жок болгондо жүргүзүлөт. Кызыкдар адамдардын ортосунда талаш-тартыш болгондо, жарандык абалдын актыларындагы жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
Нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча өзгөртүүлөрдү, оңдоолорду киргизүүгө жол берилет, мында ишенимдүү адамдын арыз берүүгө жана жарандык абалдын актысын каттоо тууралуу күбөлүк алууга ыйгарым укуктары ишеним катта атайын айтылууга тийиш.
2. Жарандык абалдын актыларындагы жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) аталыкты белгилөө жөнүндө арыз:
а) баланын никеде турбаган атасынан жана энесинен;
б) бала төрөлгөн учурда баланын энеси менен никеде турбаган атанын арызы, энеси каза болгондо же энеси энелик укуктан ажыратылганда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн макулдугу менен;
2) соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген аталыкты аныктоо жөнүндө чечими;
3) соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген асырап алуу жөнүндө чечими;
4) фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү тууралуу актыдагы жазуулар;
5) соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечими;
6) баланын атасы менен никеде турбаган энесинин баланын атасы жөнүндө маалыматтарды туулгандыгы тууралуу актыдагы жазууларга киргизүү, же болбосо аларды өзгөртүү же алып салуу жөнүндө арызы;
7) атасы же энеси (ата-энелери) атын өзгөрткөн учурда, он алты жашка чыккан адамдын туулгандыгы тууралуу актыдагы жазуулардагы атасы же энеси (ата-энеси) жөнүндө маалыматтарды өзгөртүү жөнүндө ушул адамдын арызы;
8) өлгөндүгү белгисиз адамдын өлүмү катары катталган өлгөн адамдын инсандыгын аныктоо тууралуу алгачкы текшерүү же тергөө органы тарабынан берилген белгиленген формадагы документ;
9) негизсиз репрессияланган жана кийин "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде акталган адамдын өлгөндүгүнүн фактысы тууралуу белгиленген формадагы документ - эгерде өлгөндүгү мурда катталган болсо;
10) ушул Мыйзамдын 35-беренесинде каралган учурларда, жарандык абалдын актысындагы жазууларга оңдоо же өзгөртүү киргизүү жөнүндө жарандык абалдын актыларын жазуу органынын корутундусу.
3. Баланы асырап алгандыгына жана аталык аныкталгандыгына байланыштуу туулгандыгы тууралуу актыдагы жазууларга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө туулгандыгы тууралуу жаны күбөлүк берилет.
4. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын кызматкерлери асырап алуучулардын (асырап алуучунун) макулдугусуз, асырап алуу жөнүндө кандайдыр бир маалыматты айтууга жана мазмунунда асырап алуучулар (асырап алуучу) асырап алынган баланын ата-энеси (ата-энесинин бири) эмес экендиги көрсөтүлгөн документтерди берүүгө укуксуз.
5. Аскерге милдеттүүлөр жана аскерге чакырылгандар фамилиясын, атын жана атасынын атын, туулган күнү менен жерин өзгөрткөндө, ошондой эле аскерге милдеттүүнүн же аскерге чакырылгандын өлгөндүгү катталганда, үч күндүк мөөнөт ичинде райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына тийиштүү өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматты жиберүүгө милдеттүү.
6. Жарандык абалдын актыларындагы жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 16-мартындагы № 59 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
34-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 16 марта 2023 года № 59 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния"Редакцияларды салыштыруу
16.03.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана өзгөртүүлөрдү киргизүү соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт. кошулду: Нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча өзгөртүүлөрдү, оңдоолорду киргизүүгө жол берилет, мында ишенимдүү адамдын арыз берүүгө жана жарандык абалдын актысын каттоо тууралуу күбөлүк алууга ыйгарым укуктары ишеним катта атайын айтылууга тийиш. 2. Жарандык абалдын актыларындагы жазууларга оңдоолорду жана … киргизүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 16-мартындагы № 59 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 16 декабря 2016 года №12 «О применении судами Кыргызской Республики законодательства об усыновлении (удочерении)…Постановление Пленума Верховного суда · 25.12.2025 · № 38
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112094/st-34" title="34-берене - Жарандык абалдын актылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>