# 33-берене. Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жери

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 1-августундагы № 110 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2894/edition/1260195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112094/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 33-берене (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-33

---

1. Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо арыз ээси кайрылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

2. Эгерде жол жүрүп бараткан учурда кемеде, поездде, самолётто же башка транспорт каражатында өлүмгө учураса, өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо ошол өлгөн адам транспорттук каражаттан алып салынган аймактын чегинде жайгашкан жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Эгерде экспедицияда, илимий станцияда же жарандык абалдын актыларын жазуу органы болбогон алыскы жерде өлүмгө учураса, өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо ошол адам өлгөн жерге жакын жайгашкан жарандык абалдын актысын жазуу органы тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

4. (КР 2024-жылдын 8-июлундагы № 113 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-34)
