# 30-берене. Атын өзгөртүү

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 1-августундагы № 110 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 марта 2023 года № 59 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/112548)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112094#diff=1260196..1260197>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2894/edition/1260195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112094/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 30-берене (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-30

---

1. Он алты жаш курагына толгон адам фамилиясы камтылган өзүнүн атын, атап айтканда, атын жана/же атасынын атын өзгөртүүгө укуктуу. Бир эле убакта фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүп каттатууга жол берилбейт.

Атасынын атын өзгөртүү атасынын, асыроочунун, өгөй атасынын же чоң атасынын жана таятасынын аттары боюнча жүзөгө ашырылат. Он алты жашка толгон адам атасынын атын көрсөтүүдөн баш тартууга укуктуу.

2. Атын өзгөртүү арыз ээси кайрылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

3. Он алты жаш курагына толо элек адамдын фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүсү ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 64-статьясына ылайык жүргүзүлөт. Ата-энесин дайынсыз жок деп таануу, аны ата-эненин укуктарынын ажыратуу, аны эмгекке жарамсыз деп таануу жөнүндө соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген чечими көрсөтүлгөндө, ата-энесинин пикири эсепке алынууга тийиш эмес.

Мында баланын атасынын аты ушул берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацынын талаптарына ылайык жазылат же болбосо көрсөтүлбөйт.

4. Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү жарандык абалдын актыларын жазуу органында жылына бирден көп эмес жолу мамлекеттик катталууга тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 16-мартындагы № 59 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-31)
