# 28-берене. Никенин бузулгандыгы тууралуу соттун чечиминин негизинде никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо тартиби

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 1-августундагы № 110 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 марта 2023 года № 59 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/112548)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112094#diff=1260196..1260197>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2894/edition/1260195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112094/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 28-берене (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-28

---

1. Соттун чечиминин негизинде никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо никеге туруунун мамлекеттик катталган жери боюнча, мурдагы жубайлардын (алардын биринин) эсепке алып катталган жери боюнча, же эмгекке жарамсыз жубайдын камкорчусунун арызы боюнча, же болбосо соттун чечими чыгарылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

2. Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз менен бир эле учурда никенин бузулгандыгы жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими көрсөтүлүүгө жана мурдагы жубайлардын (жубайлардын биринин) инсандыктарын ырастаган документтери көрсөтүлүүгө тийиш.

3. Эгерде мурдагы жубайлардын бири никенин бузулгандыгын жарандык абалдын актыларын жазуу органында каттоодон өткөргөн болсо, мурдагы жубайлардын экинчиси никенин бузулгандыгы тууралуу күбөлүктү алуу үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кайсынысына болбосун кайрылууга укуктуу. Кийинирээк кайрылган жубай жөнүндө маалыматтар никенин бузулгандыгы тууралуу актыдагы жүргүзүлгөн мурдагы жазууга киргизилет. Бул учурда жубайлардын экинчисинин соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимин көрсөтүүсү талап кылынбайт.

4. Мурдагы жубайлар (жубайлардын ар бири) же эмгекке жарамсыз жубайдын камкорчусу никенин бузулгандыгы мамлекеттик каттоо жөнүндө арызды башка адамдардын берүүсүнө жазуу жүзүндө ыйгарым укук бере алат.

5. Никени бузууга нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча жол берилет, анын негизинде никенин бузулгандыгы тууралуу актыга жазуу жүргүзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 16-мартындагы № 59 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-29)
