28-берене. Никенин бузулгандыгы тууралуу соттун чечиминин негизинде никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо тартиби
Күчүндө · 17.07.2025 редакциясы · 4-глава
1. Соттун чечиминин негизинде никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо никеге туруунун мамлекеттик катталган жери боюнча, мурдагы жубайлардын (алардын биринин) эсепке алып катталган жери боюнча, же эмгекке жарамсыз жубайдын камкорчусунун арызы боюнча, же болбосо соттун чечими чыгарылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.
2. Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз менен бир эле учурда никенин бузулгандыгы жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими көрсөтүлүүгө жана мурдагы жубайлардын (жубайлардын биринин) инсандыктарын ырастаган документтери көрсөтүлүүгө тийиш.
3. Эгерде мурдагы жубайлардын бири никенин бузулгандыгын жарандык абалдын актыларын жазуу органында каттоодон өткөргөн болсо, мурдагы жубайлардын экинчиси никенин бузулгандыгы тууралуу күбөлүктү алуу үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кайсынысына болбосун кайрылууга укуктуу. Кийинирээк кайрылган жубай жөнүндө маалыматтар никенин бузулгандыгы тууралуу актыдагы жүргүзүлгөн мурдагы жазууга киргизилет. Бул учурда жубайлардын экинчисинин соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимин көрсөтүүсү талап кылынбайт.
4. Мурдагы жубайлар (жубайлардын ар бири) же эмгекке жарамсыз жубайдын камкорчусу никенин бузулгандыгы мамлекеттик каттоо жөнүндө арызды башка адамдардын берүүсүнө жазуу жүзүндө ыйгарым укук бере алат.
5. Никени бузууга нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча жол берилет, анын негизинде никенин бузулгандыгы тууралуу актыга жазуу жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 16-мартындагы № 59 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 16 марта 2023 года № 59 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния"Редакцияларды салыштыруу
16.03.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…негизинде никенин бузулгандыгы тууралуу актыга жазуу жүргүзүлөт.
алынып салынды: Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо боюнча кызыкчылыктарды билдирүүгө жана никенин бузулгандыгы тууралуу күбөлүктү алууга ыйгарым укуктар ишеним катта атайын каралууга (айтылууга) тийиш.кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 16-мартындагы № 59 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112094/st-28" title="28-берене - Жарандык абалдын актылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>