# 27-берене. Жубайлардын биринин арызы боюнча никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 1-августундагы № 110 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 марта 2023 года № 59 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/112548)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112094#diff=1260196..1260197>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2894/edition/1260195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112094/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 27-берене (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-27

---

1. Жубайлардын биринин арызы боюнча никенин бузулгандыгын жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт, эгерде жубайлардын экинчиси:

1) сот тарабынан дайынсыз жок деп таанылса;

2) сот тарабынан эмгекке жарамсыз деп таанылса;

3) жасаган кылмышы үчүн үч жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолсо.

2. Жубайлардын биринин арызы боюнча никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо никени бузуу жөнүндө арыз берилген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин анын катышуусунда жүргүзүлөт.

3. Никени бузуу жөнүндө арызды кабыл алган жарандык абалдын актыларын жазуу органы үч күндүк мөөнөттө жазаны өтөп жаткан жубайга, же болбосо эмгекке жарамсыз жубайдын камкорчусуна же дайынсыз жоголгон жубайдын мүлкүн башкаруучуга, ал эми алар жокто - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө никенин бузулгандыгын мамлекеттик катталгандыгы тууралуу кабарлайт.

4. Жаранды өлдү же дайынсыз жок деп таануу жөнүндө тиешелүү соттук чечимдер сот тарабынан жокко чыгарылган учурда никени калыбына келтирүү жубайлардын биргелешкен арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 16-мартындагы № 59 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-28)
