# 26-берене. Ортосунда жашы жете элек жалпы балдары болбогон жана мүлктүк талаш-тартыштары болбогондо жубайлардын өз ара макулдашуусу боюнча никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 1-августундагы № 110 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2894/edition/1260195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112094/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 26-берене (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-26

---

1. Никени бузууну каалаган жубайлар никени бузуу жөнүндө биргелешкен арызды жазуу жүзүндө же электрондук түрдө жарандык абалдын актыларын жазуу органына берет. Жубайлар никени бузуу жөнүндө биргелешкен арызында никени бузуу өз ара макулдашылганын жана ортосунда жашы жете элек жаппы балдары жана мүлктүк талаштары жоктугун тастыктоого тийиш.

2. Эгерде никени бузууну каалаган жубайлардын биринин арыз берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, анын эркин билдирүүсү никени бузуу жөнүндө өзүнчө арызы менен жол-жоболоштурулушу мүмкүн. Жубайынын арыздагы коюлган колунун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

3. Никени бузуу жубайлар никени бузуу жөнүндө биргелешкен арызды берген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин жубайлардын экөөнүн тең же алардын биринин катышуусунда жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-27)
