# 24-берене. Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо үчүн негиздер

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 1-августундагы № 110 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2894/edition/1260195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112094/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 24-берене (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-24

---

Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:

1) ортосунда жашы жете элек жалпы балдары болбогон жана бири-бирине мүлктүк жана башка дооматтары болбогондо жубайлардын никени бузуу жөнүндө берилген биргелешкен арызы;

2) жубайлардын биринин никени бузуу жөнүндө берген арызы жана жубайлардын бирине карата соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими (өкүмү), эгерде жубайлардын бири сот тарабынан дайынсыз жок деп таанылса, сот тарабынан эмгекке жарамсыз деп таанылса же жасаган кылмышы үчүн үч жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон болсо;

3) никенин бузулгандыгы тууралуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-25)
