# 23-берене. Никелешүүнү мамлекеттик каттоодо жубайлардын фамилияларын жазуу

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 1-августундагы № 110 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2894/edition/1260195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112094/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 23-берене (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-23

---

1. Никелешүүнү мамлекеттик каттоодо никелешүү тууралуу актыдагы жазууда жубайлардын тандоосу боюнча жубайлардын жалпы фамилиясы же жубайлардын ар биринин никеге чейинки фамилиясы жазылат.

2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы каралбаса, жубайлардын жалпы фамилиясы катарында жубайлардын биринин фамилиясы жазылышы мүмкүн же аялынын фамилиясын күйөөсүнүн фамилиясына кошуу аркылуу түзүлгөн фамилияны жазууга укуктуу, мында жубайлардын фамилиясы дефис коюп жазуу менен бириктирилген экиден көп эмес фамилиядан турушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-24)
