# 22-берене. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 1-августундагы № 110 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 марта 2023 года № 59 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/112548)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112094#diff=1260196..1260197>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2894/edition/1260195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112094/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 22-берене (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-22

---

1. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 12-статьясында, 13-статьясынын 1-бөлүгүндө, 14 жана 163-статьяларында каралган шарттар сакталганда жүргүзүлөт.

2. Нике никеге туруп жаткан адамдардын жеке катышуусунда, алар жарандык абалдын актыларын жазуу органына арыз берген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин никелешүүнү мамлекеттик каттоо жолу менен бекитилет. Никеге туруп жаткан адамдардын каалоосу боюнча, никелешүүнү мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органынын имаратынын ичинде, ошондой эле имараттан тышкары жерде салтанаттуу жагдайда жүргүзүлүшү мүмкүн.

Өзгөчө жагдайлар (кош бойлуулук, баланын төрөлүшү, тараптардын биринин өмүрүнө түздөн-түз коркунуч) болгондо нике арыз берилген күнү бекитилиши мүмкүн.

3. Эгерде никеге туруп жаткан адамдар (алардын бири) катуу оорудан, камакта болуудан же эркиндигинен ажыратуу жайларында жаза өтөөдөн улам жарандык абалдын актыларын жазуу органына келе албаса, никелешүүнү мамлекеттик каттоо никеге туруп жаткан адамдардын катышуусунда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги же никеге туруп жаткан адамдар тарабынан аныкталган үйдө, медициналык же башка уюмда, жайда жүргүзүлүшү мүмкүн.

4. Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 15-статьясында белгиленген никелешүүгө тоскоолдук кылуучу жагдайлар болгондо, никелешүүнү мамлекеттик каттоо жүргүзүлүшү мүмкүн эмес.

5. Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын жетекчиси никелешүүгө тоскоол болуучу жагдайлардын бар экендигин тастыктоочу далилдерге ээ болсо, никелешүүнү мамлекеттик каттоодон жазуу жүзүндө баш тартат.

Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын никелешүүнү мамлекеттик каттоодон баш тартышы никеге турууну каалаган адамдар (алардын бири) тарабынан административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда аныкталган тартипте жана андан ары сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

6. Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам менен никеге туруусун мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын никеге турууга укуктук жөндөмдүүлүгүн тастыктоочу документтин негизинде жүргүзүлөт.

Жарандыгы жок адамдардын никеге турууга укуктук жөндөмдүүлүгүн аныктоо жана тастыктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 16-мартындагы № 59 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-23)
