# 20-берене. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо үчүн негиз

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 1-августундагы № 110 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2894/edition/1260195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112094/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 20-берене (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-20

---

Нике курагына толгон эркек менен аялдын биргелешкен арызында баяндалган ыктыярдуу эркин билдирүүсү никелешүүнү мамлекеттик каттоо үчүн негиз болуп саналат. Никеге туруп жаткан адамдардын биринин: эркектин же аялдын биргелешкен арыз берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, никеге туруучу адамдын эркин билдирүүсү никелешүү жөнүндө өзүнчө арызы менен жол-жоболоштурулушу мүмкүн. Никеге туруп жаткан адамдын коюлган колунун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Никеге туруу жөнүндө арызды Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу да берүүгө болот. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 8-июлундагы 113 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-21)
