# 19-берене. Өлүү төрөлгөн же жашоосунун биринчи жумасында өлгөн баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 1-августундагы № 110 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2894/edition/1260195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112094/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 19-берене (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-19

---

1. Өлүү төрөлгөн баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо саламаттык сактоо уюму же жекече иштеген врач тарабынан берилген перинаталдык өлүмү жөнүндө медициналык күбөлүктүн негизинде жүргүзүлөт.

2. Өлүү төрөлгөн баланын өлгөндүгүнө мамлекеттик каттоо жүргүзүлбөйт.

Эгерде бала жашоосунун биринчи жумасында өлгөн учурда, анын туулгандыгы жана өлгөндүгү тууралуу мамлекеттик каттоо жүргүзүлөт. Жашоосунун биринчи жумасында өлгөн баланын туулгандыгы жана өлгөндүгү тууралуу мамлекеттик каттоо саламаттык сактоо уюму же жекече иштеген врач тарабынан берилген туулгандыгы жөнүндө жана перинаталдык өлүмү жөнүндө белгиленген формадагы документтердин негизинде жүргүзүлөт.

3. Баланын өлүү төрөлгөндүгү жөнүндө же жашоосунун биринчи жумасында өлгөн баланын туулгандыгы жана өлгөндүгү тууралуу жарандык абалдын актыларын жазуу органына билдирүү милдети төмөнкүлөргө жүктөлөт:

1) төрөт болуп өткөн же бала өлгөн саламаттык сактоо уюмунун жетекчисине;

2) анын врачы баланын өлүү төрөлгөн фактысын же жашоосунун биринчи жумасында өлгөн баланын өлүмүнүн фактысын аныктаган саламаттык сактоо уюмунун жетекчисине, же болбосо саламаттык сактоо уюмунан тышкары жердеги төрөт учурунда -жекече иштеген врачка.

4. Өлүү төрөлгөн баланын туулгандыгы жөнүндө же жашоосунун биринчи жумасында өлгөн баланын туулгандыгы же өлүмү жөнүндө билдирүү баланын өлүү төрөлгөндүгүнүн фактысы же баланын жашоосунун биринчи жумасында өлгөндүгүнүн фактысы аныкталган күндөн тартып, үч күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-20)
