# 17-берене. Туулгандыгын мамлекеттик каттоодо баланын фамилиясын, атын жана атасынын атын жазуу

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 1-августундагы № 110 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июля 2025 года № 148 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Семейный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030431)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112094#diff=17745..36038>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2894/edition/1260195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112094/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 17-берене (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-17

---

1. Туулгандыгын мамлекеттик каттоодо баланын фамилиясы анын ата-энесинин фамилиясы боюнча жазылат. Ата-энесинин фамилиялары ар башка болгондо, баланын фамилиясы ата-энесинин макулдашуусу менен атасынын фамилиясы боюнча же энесинин фамилиясы боюнча жазылат. Кош фамилияны берүүгө жол берилбейт.

2. Баланын аты ата-энесинин макулдашуусу боюнча жазылат. Кош ат берүүгө жол берилет.

3. Баланын аты жана/же фамилиясы боюнча ата-энесинин ортосунда макулдашуу болбогондо (ата-эненин фамилиялары ар башка болгондо) келип чыккан пикир келишпестиктер сот тартибинде чечилет.

4. Баланын атасынын аты атасынын аты боюнча жазылат.

5. Эгерде энеси баланын атасы менен никеде турбаса жана баланын атасы экендиги аныкталбаса, баланын аты - энесинин көрсөтүүсү боюнча, атасынын аты - энеси баланын атасы катары көрсөткөн адамдын аты боюнча (же болбосо көрсөтүлбөйт), баланын фамилиясы - энесинин фамилиясы боюнча, же болбосо энесинин атасынын аты боюнча жазылат.

6. Эгерде баланын ата-энесинин экөө тең белгисиз болсо, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү баланын атын, фамилиясын, атасынын атын коёт.

7. Кыргыздын улуттук салттары боюнча баланын фамилиясы төмөнкүдөй жазылышы мүмкүн:

1) атасынын ысымы боюнча эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" деген сөз жана аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деген сөз кошулуп же ал кошулбастан жазылат. Бул учурларда балага атасынын аты ыйгарылбайт;

2) чоң атасынын ысымы боюнча ага мүчө уланбастан жазылат, ошондой эле ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын ысымы кошулушу мүмкүн;

3) чоң атасынын ысымы боюнча ага "тегин" деген сөз кошулуп жазылат, ошондой эле ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын ысымы кошулушу мүмкүн, же болбосо атасынын ысымына эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" деген сөз, аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деген сөз кошулуп жазылат. Түздөн-түз туугандык байланышын тастыктоочу документтери болгондо же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын архивинде алар болсо, ата-энесинин каалоосу боюнча балага жети атасына чейинки ата-бабаларынын аты боюнча фамилия берилиши мүмкүн.

Башка улуттагы адамдардын аттары жана фамилиялары алардын каалоосу боюнча алардын салттарына ылайык көрсөтүлөт. Ата-эненин каалоосу боюнча баланын фамилиясы баланын атасынын же чоң атасынын аты боюнча, "-ов", "-ев" жана "-ова", "-ева" деген мүчөлөр улануу менен жазылышы мүмкүн. (КР 2025-жылдын 17-июлундагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-18)
