# 16-берене. Баланын туулгандыгы тууралуу актысынын жазуусуна ата-энеси жөнүндө маалыматтарды киргизүү

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 1-августундагы № 110 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2894/edition/1260195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112094/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 16-берене (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-16

---

1. Баланын туулгандыгы тууралуу актыдагы жазуусуна өз ара никеде турган атасы жана энеси никелешүү тууралуу күбөлүктүн жана алардын инсандыгын ырастоочу документтердин негизинде ата-энеси болуп жазылат.

2. Эгерде баланын ата-энеси өз ара никеде турбаса, баланын туулгандыгы тууралуу актынын жазуусуна энеси жөнүндө маалыматтар анын инсандыгын ырастоочу документтин негизинде, ал жок болгон учурда - энеси жөнүндө туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүктө же соттун чечиминде көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде киргизилет.

Мындай учурда баланын атасы жөнүндө маалыматтар киргизилет:

- аталыгы аныкталганда, никеде турбаган атасынын жана энесинин биргелешкен арызы боюнча;

- энеси өлгөн, аракетке жөндөмсүз деп таанылган, анын жүргөн жери жөнүндө маалыматтар жок болгон же ал энелик укуктарынан ажыратылган учурда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн макулдугу менен атасынын арызы боюнча;

- аталыгы аныкталбаган учурда, энесинин арызы боюнча;

- соттун чечими боюнча.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 8-июлундагы 113 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-17)
