# 15-берене. Туулгандыгын мамлекеттик каттоонун жери

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 1-августундагы № 110 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2894/edition/1260195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112094/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 15-берене (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-15

---

1. Туулгандыгын мамлекеттик каттоо арыз ээлеринин кайрылган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

2. Туулгандыгы тууралуу актынын жазуусунда баланын иш жүзүндө туулган жери медициналык, анын ичинен электрондук түрдөгү документтин негизинде көрсөтүлөт.

3. Эгерде жол жүрүп бараткан учурда бала кемеде, самолётто, поездде же башка транспорт каражатында төрөлсө, туулгандыгын мамлекеттик каттоо ата-энесинин (ата-энесинин биринин) эсепке алынып катталган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан же транспорт каражатынын каттамынын багыты боюнча кандай гана болбосун жакыныраак жерде жайгашкан жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт. Баланын туулган жери катары баланын туулгандыгы мамлекеттик каттоого алынган жер көрсөтүлөт.

4. Экспедицияда, илимий станцияда же жарандык абалдын актыларын каттоочу органы болбогон алыскы жерде төрөлгөн баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо баланын иш жүзүндө туулган жерине жакыныраак жайгашкан жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 8-июлундагы 113 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-16)
