15-берене. Туулгандыгын мамлекеттик каттоонун жери
Күчүндө · 17.07.2025 редакциясы · 2-глава
1. Туулгандыгын мамлекеттик каттоо арыз ээлеринин кайрылган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.
2. Туулгандыгы тууралуу актынын жазуусунда баланын иш жүзүндө туулган жери медициналык, анын ичинен электрондук түрдөгү документтин негизинде көрсөтүлөт.
3. Эгерде жол жүрүп бараткан учурда бала кемеде, самолётто, поездде же башка транспорт каражатында төрөлсө, туулгандыгын мамлекеттик каттоо ата-энесинин (ата-энесинин биринин) эсепке алынып катталган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан же транспорт каражатынын каттамынын багыты боюнча кандай гана болбосун жакыныраак жерде жайгашкан жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт. Баланын туулган жери катары баланын туулгандыгы мамлекеттик каттоого алынган жер көрсөтүлөт.
4. Экспедицияда, илимий станцияда же жарандык абалдын актыларын каттоочу органы болбогон алыскы жерде төрөлгөн баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо баланын иш жүзүндө туулган жерине жакыныраак жайгашкан жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 8-июлундагы 113 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112094/st-15" title="15-берене - Жарандык абалдын актылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>