# 11-берене. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн купуялуулугу жана аларды берүү тартиби

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 1-августундагы № 110 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2894/edition/1260195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112094/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 11-берене (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-11

---

1. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоого байланыштуу жарандык абалдын актысын жазуу органынын кызматкерине белгилүү болуп калган маалыматтар жеке маалыматтар болуп саналат, купуя маалымат категориясына кирет, ага жеткиликтүүлүк чектелүү болот жана ачыкка чыгарылбоого тийиш.

2. Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоодо жазуу жүргүзгөн жарандык абалдын актыларын жазуу органы калкты социалдык коргоо органына, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна, салык органдарына жана аймагы боюнча аскер комиссариаттарына өлгөндүгү мамлекеттик каттоого алынгандыгы жөнүндө маалыматты билдирет.

3. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндөгү маалыматты төмөнкүлөрдүн суроо-талаптары боюнча берет:

1) соттун (судьянын);

2) прокуратура органдарынын;

3) алгачкы текшерүү жана тергөө органдарынын;

4) Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын).

4. Расмий статистикалык эсепке алуу максатында жарандык абалдын актыларын жазуу органдары Кыргыз Республикасынын статистика органдарына туулгандыгы, никелешүү жана никесинин бузулгандыгы, ошондой эле өлгөндүгү тууралуу мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтарды билдирет.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-12)
