# 10-берене. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоодон баш тартуу

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 1-августундагы № 110 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 марта 2023 года № 59 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/112548)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112094#diff=1260196..1260197>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2894/edition/1260195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112094/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 10-берене (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-10

---

1. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоодон баш тартуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

1) эгерде мамлекеттик каттоо ушул Мыйзамга карама-каршы келсе;

2) ушул Мыйзамдын 13-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, эгерде документтер ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында коюлган талаптарга ылайык келбесе;

3) Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинде жана ушул Мыйзамда каралган жарандык абалдын актыларын каттоого тоскоолдук кылуучу негиздер бар болгондо.

2. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоодон баш тартылган адамдын (анын өкүлүнүн) талабы боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органынын жетекчиси бул адамга (анын өкүлүнө) баш тартуунун себептерин жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

3. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоодон баш тартуу Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 16-мартындагы № 59 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112094/st-11)
