1-берене
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
"Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 6, 527-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 66-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"66-берене. Имараттарга жана курулмаларга киши өтүүчү жолдор, машина өтмө жана кирме жолдор Курулуш объекттерин долбоорлоодо алардын функционалдык арналышына карабастан, ченемдик-техникалык документтерге жана шаар куруу документтерине ылайык курулуш объекттерине киши өтүүчү, өрт өчүрүүчү автомобилдер үчүн өтмө жана кирме жолдорду кароо зарыл.";
2) 74-берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 75-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"75-берене. Имараттарда, курулмаларда, өрт отсектеринде өрттүн таралышын чектөөгө карата талаптар
1. Имараттардын, курулмалардын, өрт отсектеринин бөлүктөрү, ошондой эле функционалдык өрт коркунучунун ар түрдүү класстардагы жайлары бири биринен ченемделген отко туруктуулук чеги жана конструкциялык өрт коркунучунун класстары бар тосуучу конструкциялар, түзүлүштөр жана орнотмолор же өрткө каршы бөгөттөр менен бөлүнүүгө тийиш.
Мындай тосуучу конструкцияларга, түзүлүштөргө жана орнотмолорго, өрткө каршы бөгөттөрдүн типтерине карата талаптар жайлардын функционалдык өрт коркунучун, өрттүн жүктөмүнүн чоңдугун, имараттардын, курулмалардын, өрт отсектеринин отко туруктуулук даражаларын жана конструкциялык өрт коркунучунун классын эске алуу классын эске алуу менен белгиленет жана ушул Мыйзамдын, өрт коопсуздугу жаатындагы тиешелүү ченемдик укуктук актылардын, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, ошондой эле белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
2. Өрткө каршы бөгөттөрдүн функциясын аткаруучу курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чектери жана типтери, оюктарды жана тамбур-шлюздарды толтуруунун аларга ылайыктуу типтери тиешелүү курулуш ченемдери жана эрежелери, белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттар менен аныкталат.
Өрткө каршы бөгөттөрдөгү оюктарды толтуруунун тиешелүү типтери үчүн отко туруктуулук чектери белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттардын талаптарына ылайык аныкталат.
3. Автоматтык өрт сигнализациясы же өрт өчүрүү тутумдары менен жабдылган имараттарда лифттердин блокировкасы болууга жана өрт чыккан учурда автоматтык түрдө 1-кабатка түшүрүлүүгө, эшиктери ачылууга жана жабылбоого тийиш.
4. Тепкичтердин жана тепкич клеткаларынын көлөмдүк-пландык чечилиштери жана конструктивдик аткарылышы өрт чыкканда адамдарды имараттардан коопсуз эвакуациялоону камсыз кылууга жана кабаттардын ортосунда өрттүн жайылышына тоскоолдук кылууга тийиш.
5. Имараттардын жана курулмалардын цоколдук жана жер төлөсүндөгү кабаттарында лифтке кирүү өрттө абаны үйлөтүү менен 1-типтеги тамбур-шлюздар аркылуу жүзөгө ашырылууга тийиш.";
4) 80-берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү-жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 07.06.2016 · № 78 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112084/st-1" title="1-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>