# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112082)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 22-августундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 22.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112082/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2882/edition/1015407/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112082/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112082/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2211-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Киреше салыгынын ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:

1) алтын камтыган кенге жана алтын камтыган концентратка:

Бир троялык унция алтындын АКШ долларында баасы

1300 гө чейин

1301 ден 1400 гө чейин

1401 ден 1500 гө чейин

1501 ден 1600 гө чейин

1601 ден 1700 гө чейин

1701 ден 1800 гө чейин

1801 ден 1900 гө чейин

1901 ден 2000 ге чейин

2001 ден 2100 гө чейин

2101 ден 2200 гө чейин

2201 ден 2300 гө чейин

2301 ден 2400 гө чейин

2401 ден 2500 гө чейин

2501 ден жана андан жогору

2023-жылга чейин киреше салыгынын ставкасы, %да

8

10

12

14

16

18

20

21

22

23

24

25

26

27

2023-жылдан тартып киреше салыгынын ставкасы, %да

11

13

15

17

19

21

23

24

25

26

27

28

29

30

2) алтын эритмесине жана аффинаждалган алтынга:

Бир троялык унция алтындын АКШ долларында баасы

1300 чейин

1301 ден 1400 гө чейин

1401 ден 1500 гө чейин

1501 ден 1600 гө чейин

1601 ден 1700 гө чейин

1701 ден 1800 гө чейин

1801 ден 1900 гө чейин

1901 ден 2000 ге чейин

2001 ден 2100 гө чейин

2101 ден 2200 гө чейин

2201 ден 2300 гө чейин

2301 ден 2400 гө чейин

2401 ден 2500 гө чейин

2501 ден жана андан жогору

Киреше салыгынын ставкасы, %да

1

3

5

7

9

11

13

14

15

16

17

18

19

20

";

2) 309-беренеде:

а) 1-бөлүгүндө:

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) КНС жана сатуудан алынган салыкты эсепке албастан, төмөнкүлөрдү сатуудан түшкөн акча:

- металл камтылган кендерди жана биржалык металлдардын концентраттарын кошпогондо, пайдалуу казындыларды же;

- пайдалуу казындыларды иштетүүнүн натыйжасында алынган продукцияны;";

- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4) металл камтылган кенде же биржалык металлдын концентратында камтылган, салык мезгилинде сатылган химиялык таза металлдын наркы. Эгерде металл камтылган кенде же биржалык металлдын концентратында камтылган химиялык таза металлдын наркы металл камтылган кендерди жана биржалык металлдардын концентраттарын сатуудан түшкөн акчадан төмөн болсо, анда роялтинин салык базасы катарында металл камтылган кендерди жана биржалык металлдардын концентраттарын сатуудан түшкөн акча колдонулат.";

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2 жана 3-бөлүктөр менен толукталсын:

"2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте аныкталуучу химиялык таза металлдын наркы биржалык металлдын наркына жана металл камтылган кенде же биржалык металлдын концентратында металлдын камтылышына жараша эсептелет. Биржалык металлдын наркы салык мезгилинин ичинде металлдардын Лондон биржасында баалардын котировкалары жарыяланган күндөрдөгү металлдарга баалардын күн сайынкы орточо котировкасынын суммасы менен металлдарга баалардын котировкасы жарыяланган салык мезгилиндеги күндөрдүн санынын ортосундагы орточо арифметикалык мааниси катары аныкталат.

3. Ушул главада биржалык металл деп наркы металлдардын Лондон биржасында котировкалануучу металл түшүнүлөт.";

3) 310-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Роялтинин ставкасы төмөнкүдөй белгиленет:

1) алтын, күмүш жана платина, ошондой эле металл камтылган кендер жана алтындын, күмүштүн жана платинанын концентраттары үчүн - 5 пайыз;

2) алтынды, күмүштү жана платинаны кошпогондо, металлдар, металл камтылган кендер жана металлдардын концентраттары үчүн - 3 пайыз;

3) суу менен камсыздоочу адистешкен уюмдар үчүн - 5 пайыз;

4) гипске - 6 пайыз;

5) бетин каптоочу материалдарды өндүрүү үчүн табигый таштарга - 12 пайыз;

6) таш көмүргө, күрөң көмүргө - 1 пайыз.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112082/st-2)
