281-берене
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "281-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык КНСти кайра берүү
1. Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде КНСти кайра берүү же андан бошотуу каралса, анда товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдери кийин кайра берүү менен КНС салынууга жатат:
1) чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, Кыргыз Республикасында өз ишин жүзөгө ашырган эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык артыкчылыктар жана иммунитеттер берилүүчү башка уюмдардын расмий пайдалануусу үчүн;
2) чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, Кыргыз Республикасында өз ишин жүзөгө ашырган эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык артыкчылыктар жана иммунитеттер берилүүчү башка уюмдардын аккредиттелген кызматкерлеринин, алар менен чогуу жашаган алардын үй-бүлө мүчөлөрүн кошо алганда, жеке пайдалануусу үчүн.
2. Чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, ошондой эле тиешелүү артыкчылыктарды жана иммунитеттерди пайдалануучу, алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүн кошо алганда, алардын кызматкерлерине карата ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген шарттар өз аралык принциптерин жана паритеттик негизди эске алуу менен Кыргыз Республикасы тарабынан ишке ашырылат.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган КНСти кайра берүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
281-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112080/st-281" title="281-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>