# 30-статья. Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун токтотуу жана андан ажыратуу

- Документ: [Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112079)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-июлундагы № 89 "Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112079/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2879/edition/1277035/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112079/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 30-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112079/st-30

---

Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусу төмөнкү учурларда токтотулат:

- Кыргыз Республикасынын граждандыгы калыбына келтирилгенде;

- чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун алган адамдын жеке арызы боюнча.

Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун алган чет өлкөлүк гражданин төмөнкү учурларда статусунан ажыратылат:

- статус ыйгаруу жөнүндө өтүнүч кат бергенде өзү тууралуу жалган маалыматтарды билдиргенде;

- соттуулугу бар экендиги жөнүндө фактылар ырасталганда;

- ага карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;

- Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч туудуруучу иштерди жүзөгө ашырганда;

- эгерде террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөсү болуп саналса.

Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун токтотуу чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендешке берилген документтин колдонулушун токтотууга алып келет.".

---

Мурунку берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/112079/st-29)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112079/st-3)
