# 29-статья. Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештердин укуктары

- Документ: [Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112079)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-июлундагы № 89 "Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112079/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2879/edition/1277035/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112079/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 29-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112079/st-29

---

Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештер төмөнкүлөргө укуктуу:

- чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин документи бар учурда, жарактуу документтердин бири боюнча визасын жол-жоболоштурбастан, Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө, чыгууга, транзит менен өтүүгө, жол жүрүүгө жана анда турууга;

- жашап турууга уруксатты жол-жоболоштурбастан, Кыргыз Республикасында туруктуу жашоого. Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендеш Кыргыз Республикасынын аймагында турган мөөнөтүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк гражданинге теңештирилет;

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар берүүчү эмгек визасын жол-жоболоштурбастан жана жумушка уруксат албастан, Кыргыз Республикасынын граждандары үчүн белгиленген негиздерде жана тартипте ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштөөгө же башка иште эмгектенүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын граждандары менен катар акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдей шарттарына.

Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендеш Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлей албайт.

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/112079/st-28)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/112079/st-30)
