# 27-статья. Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруунун тартиби

- Документ: [Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112079)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-июлундагы № 89 "Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112079/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2879/edition/1277035/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112079/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 27-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112079/st-27

---

Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусу ушул Мыйзамдын 26-статьясында көрсөтүлгөн, мындай статусту алууга укуктары бар чет өлкөлүк граждандардын өтүнүчү боюнча ыйгарылат. Чет мамлекеттин аймагында өтүнүчтү кабыл алуу жана чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин документин берүү Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат. Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруунун, узартуунун, токтотуунун жана ажыратуунун тартиби, тийиштүү документтин үлгүсү жана аны берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Өтүнүчтү кароо жана чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруу жөнүндө же аталган статусту ыйгаруудан баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуу өтүнүч катталган күндөн тартып алты айдын ичинде жүзөгө ашырылат. Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун ыйгарууда чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун жана ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленген анын укуктарын ырастоочу, мамлекеттик маанидеги документ болуп саналган, чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин документи берилет. Кыргыз Республикасынын граждандыгынан чыгууда чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ыйгарылат. Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусу мөөнөтсүз колдонулат. Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин документинин колдонулуу мөөнөтү документ берилген күндөн тартып он жылды түзөт жана ал белгиленген тартипте узартылат. Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин документин бергени үчүн мамлекеттик алым же Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган каражаттар алынат.

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/112079/st-26)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/112079/st-28)
