# 26-статья. Мурда Кыргыз Республикасынын граждандыгында турган чет өлкөлүк граждандардын укуктары

- Документ: [Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112079)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-июлундагы № 89 "Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112079/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2879/edition/1277035/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112079/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 26-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112079/st-26

---

Мурда Кыргыз Республикасынын граждандыгында турган чет өлкөлүк граждандар чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун алууга укуктуу. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардан тышкары, чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусу төмөнкү адамдарга ыйгарылышы мүмкүн:

- алардын алгач Кыргыз Республикасынын граждандыгына таандык болгондугуна карабастан, мурда Кыргыз Республикасынын граждандыгында турган чет өлкөлүк граждандын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк граждандарга;

- алардын алгач Кыргыз Республикасынын граждандыгына таандык болгондугуна карабастан, Кыргыз Республикасынын граждандарынын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк граждандарга;

- Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк граждандарга, ошондой эле алардын балдарына жана неберелерине.

Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусу Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин граждандарына ыйгарылышы мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112079/st-2)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/112079/st-27)
