# 2-берене

- Документ: [Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112079)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-июлундагы № 89 "Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112079/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2879/edition/1277035/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112079/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 2-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112079/st-2

---

"Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 68-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1-статья. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк граждандардын, ошондой эле чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун алган чет өлкөлүк граждандардын негизги укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин аныктайт, мындай статусту ыйгаруунун жана токтотуунун шарттарын жана тартибин белгилейт.";

2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 11-статья менен толукталсын:

"11-статья. Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк граждандар Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк граждандар деп, республиканын граждандары болуп саналбаган жана өзүнүн чет мамлекеттин граждандыгына таандык экендигинин далилдери бар адамдар таанылат. Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештер деп, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун алган чет өлкөлүк граждандар таанылат. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк граждандарга мыйзамдарда каралган укуктар жана эркиндиктер кепилденет.";

3) 5-статьянын биринчи бөлүгү "уруксаты" деген сөздөн кийин ", же болбосо чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусу" деген сөздөр менен толукталсын;

4) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы III бөлүм менен толукталсын:

"III. МУРДА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ГРАЖДАНДЫГЫНДА ТУРГАН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ГРАЖДАНДАРДЫН УКУКТАРЫ

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/112079/st-1)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/112079/st-26)
